Mandrakesoft өзүңүздүн Mandrakelinux системаңызды түзүүгө жардам берүүчү кеңири спектрдеги кызматтарды сунуш кылат. Төмөндө Mandrakesoft сунуш кылган колдоонун жана кызматтардын кыскача баяны келтирилген:


Mandrakesoft.com

Сиздин сүйүктүү Linux дистрибутивиңиздин чыгаруучусунун иштеринен кабардар болуп турушуңуз үчүн, mandrakesoft.com веб-сайты бардык маалыматтарды сунуш кылат.

 
Mandrakeonline

Mandrakeonline Mandrakesoft сунуш кылган жаңы кызматтарынын бири. Ал сиздин компьютерди эң акыркы жаңылоолор менен камсыз кылуучу борбордоштурулган жана автоматташтырылган кызмат.

         
Mandrakelinux.com

Mandrakelinux.com веб сайты Linux коомчулугуна арналган ачык баштапкы коддуу Linux проектиси.

  Mandrakeclub

Mandrakeclub вебсайты Mandrakelinux колдонуучуларына арналган. Ага мүчө болуу менен төмөнкү эксклюзивдик пайда алууга болот: форумдарга чыгуу үчүн эксклюзивдик укук, RPM дерди жана продукттарды жүктөп алуу, Mandrakelinux продукттарын сатып алууда жеңилдиктер жана башка көптөгөн нерселер!

         
Mandrakestore

Mandrakestore - Mandrakesoft тун онлайн дүкөнү. Продуктарды, кызматтарды же болбосо башкалар иштеп чыккан чечимдерди сатып алуу анын жаңы түзүлүшүнө жараша мурда ушунчалык жеңил болгон эмес!

  Mandrakeexpert

Mandrakeexpert - Mandrakesoft колдоо командасынан жардам алуучу негизги жер.